Баламдын көзүнүн асты көгөрүп калат. Бул коркунучтуу эмеспи?
2022.02.04, 10:53
1519
Саламатсызбы! Кичинекей баламдын көзүнүн асты көгөрүп калат. Бул коркунучтуу эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.02.2022, 10:54
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Кээ бир балдардын териси жука болот. Кан тамырлары көрүнүп турат. Мындай учурда көзүнүн алды көгөрүп калса коркунучтуу эмес. Эгер буга чейин көгөрбөй туруп, кийин пайда болсо, анда заарсын, канын анализге тапшырып, УЗИден бөйрөгүн текшертиңиз. Андан тышкары, баланын ички органдарында көйгөй болсо, бала кыйналып, уктабай чыгат. Бул учурда дагы көгөрүп калат.
0
Пайдалуу жооп