Урук анализин тапшырыш үчүн эмне кылышым керек?
2022.02.03, 14:51
2872
Саламатсызбы! Урук анализин тапшырып коеюн дедим эле. Өзүм үчүн эле. Ал үчүн эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.02.2022, 15:02
“Кортекс” клиникасынын адиси урологу
Саламатсызбы. Сперманы тапшыруу процедурасы спермограмма деп аталат. Аны атайын лабараторияларга барып тапшырасыз. Спермограмма эркек кишинин уругунун көлөмүн, сапатын, активдүү уруктарынын санын ж.б. көрсөтөт.
Спермограмма менен катар инфекцияларга анализ тапшырып, простата безин УЗИге тарттыруу керек.
Спермограмма тапшыруу үчүн алдын ала даярдык көрүү зарыл.
- Анализ тапшырганга чейин 3 күн жыныстык катнашта болбоңуз.
- 2 жума спирт ичимдигин ичпеңиз.
- Эч кандай дары-дармектерди ичпеңиз.
- Мончо, саунага баруудан жана ысык сууга түшүүдөн баш тартыңыз.
- Анализ тапшыра турган күну жыныс мүчөңөрдү жууңуз.
0
Пайдалуу жооп