Ата-энем тааныштырган жигитке "ичем" деп койсом ишенип калды. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Ата-энем мени менен тааныштыруу үчүн жакшы жигит табышыптыр. А мен болсо ага жаманмын, ичем, чегем деп айтып койдум. Ал болсо ишенип, эми мени менен сүйлөшпөй жатат. Оба, башында мен ал жигит менен мамиле кургум келген эмес, азыр болсо ага турмушка чыгууну каалап жатам. Аны кантип кайтарууну билбей турам. Ал мен эмне кааласам, ошого ээ болгондугумду айтты. Бирок мен чындыгында андай эмесмин.
Тамара Воронцова
Психолог
Жигит сиздин чындыгында кандай экениңизди билбей калганы өкүнүчтүү. Өзүңүз билип калгандай эмоцияга алдырып койгондо жашоо өзгөрүлүп кетээрин билдиңиз. Мүмкүн ал эми канчалык актанганыңыз менен, сизге дагы, башкаларга дагы ишенбейт. Бирок ал сиз туралуу белгилүү бир ойдо болуп калгандыктан, сый жок болот. Ошондой эле анын сизден баш тартуусу сиздин өздүгүңүзгө катуу тийгендиктен, аны кайтарып, тастыктап берүүнү каалап жатасыз. Азырынча ортодо сүйүү жок, болгону жигитке жана өзүңүзгө болгон өкүнүч, таарыныч бар. Эми болсо, кийинки жигит менен таанышып жатканда кетирген каталарыңызды кайталабаңыз. Кээде мындай тажрыйба сыноо катары берилет. Демек ал жигит сиздин тагдырыңыз эмес. Шайыр, бактылуу болуп жүрө бериңиз. Сөзсүз өзүңүзгө буйруган адамды жолуктурасыз. Болгону өткөн нерселерден сабак алганды унутпаңыз. Сизге бакыт каалайм.