Климакс болгон аялдын боюна бүтүп калышы мүмкүнбү?
2022.02.02, 11:11
8098
Саламатсызбы! Климакс болгон учурда кош бойлуу болуп калабы? Же климакстан кийин бойго бүтпөйбү? Ушул тууралуу маалымат бериңизчи.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.02.2022, 11:13
Айжан Джакшибаева
Гинеколог-эндокринолог
Климакста либидо төмөндөйт, башкача айтканда мурункудай каалайбай калат. Андан тышкары жыныс кыны кургап, циститтин пайда болуу коркунучу бар. Булар да жыныстык катнаштын регулярдуу болушуна тоскоолдук жаратат.
Эгер цикл үзүлтүккө учурап, этек кири келбей калса, контрацепция жөнүндө унутуп койгон болбойт. Жумуртка бездер бир аздан иштеп жатканда овуляция жүрүп, бойго бүтуп калышы мүмкүн. Элүүгө чукулдап калганда төрөгөн аялдар жөнүндөгү окуялар мына ушундайдан улам келип чыгат.
0
Пайдалуу жооп