Кичинекей балдар эмнеге чочосун кармай берет?
2022.02.01, 10:24
7959
Саламатсызбы! Кичинекей балдар эмнеге чочосун кармай берет? Менин үч жаштагы балам кой десем болбой кармай берет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.02.2022, 10:25
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Демек, кандайдыр бир көйгөй бар. Айрыкча, эркек балдарда фимоз болушу мүмкүн. Чочосунун уч жагы кууш болуп, заарасы жакшы чыкпай, же болбосо ал жер ачылып жуулбаса, ичинде микробдор көбөйүп, баланын тынчын алып, кычыштырып, ачыштырып, ооруксутат. Анан бала ошол жерин кармайт. Балдар урологуна, гинекологуна же үй-бүлөлүк дарыгерге алып барып, консультация алып коюңуз.
0
Пайдалуу жооп