Кайын энем "кыз төрөгөн аялдын күнөөсү көп болот" деди. Ушул чынбы?
2022.01.31, 11:21
11223
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.01.2022, 11:38
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Бул өзү туура эмес түшүнүк. Кандай гана перзент болбосун, кызбы же уулбу, бул кудайдын берген белеги десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан, шүгүр кылып ыраазы болушубуз керек. Анткени, бул биздин колубуздан келчү нерсе эмес. Экинчиден, кыз төрөгөндүгү үчүн күнөө болот дегени караңгы, туура эмес түшүнүк. Тескерисинче, пайгамбарыбыздын хадиси бар, ага ылайык эки же үч кыздан көбүрөөк жакшы тарбиялап өстүрсө, бейишке кирүүсүнө себепчи болот дейт. Ошондуктан, мындай ойлордон алыс болуу керек. Даанышмандык менен кайын энеңизге түшүндүрүп коюңуз, сиз болбосо күйөөңүз айтсын.
0
Пайдалуу жооп