Этек кир бир айда эки жолу келсе, "женский" жактан коркунучтуубу?
2022.01.31, 11:06
6043
Саламатсызбы! Эже тажрыйбалуу гинеколог эжелерден сурайын дегем, этек кир бир айда эки жолу келиши мүмкүнбү? Меники үч жума мурун бүткөн, дагы келип жатат. "Женский" жактан коркунуч болбойбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.01.2022, 12:13
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эгерде менструалдык циклда мындай бузуу болуп жатса, анда адиске кайрылууңуз керек. УЗИден өтүп, анализ тапшырыңыз. Бул ар кандай себептерден улам болушу мүмкүн: энелик бездин кисталары, гиперплазия же эндометрия полиптери ж.б. Ошондой эле стресске кабылганда дагы бузулушу ыктымал. Ар бир учур өзүнчө бааланып, анан дарылоо курсу жазылып берилет.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп