Тууганыма үйлөнсөм болобу?
Мага тууган бир кызды жакшы көрөм. Анын апасы менен менин таенем бир тууган. Мындайча айтканда апалары бир, аталары башка. Ал кызга үйлөнсөм болобу? Бул боюнча ата-энеме айта элекмин.
Мээрим Курманалиева
Дарыгер-генетик
Туугандардын бири-бирине баш кошпогону туура. Жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү ыктымалы жогору. Сиздин абалда келечектеги балдарыңыздын ден-соолугуна терс таасирин тийээрине 25 пайыз коркунуч бар. Мисалга, төрт баланын бириси майып төрөлүшү мүмкүн. Алсак, ата-энелери бир тууган болгон күндө деле, алардын ата-бабалары бир. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарына берилет. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп, эң жаманы бала майып же өлүк төрөлүп калышы мүмкүн.