УЗИден жатынымдын өлчөмү кичине дешти. Кийин балалуу боло аламбы?
2022.01.28, 12:04
1510
Саламатсызбы! УЗИге түшсөм жатынымдын өлчөмү кичине экенин айтышты. Кийин балалуу боло аламбы? Кабатыр болуп жатам. Этек кирим өз убагында келет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.01.2022, 12:05
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Кутман күнүңүз менен! Эгерде этек кириңиз үзгүлтүксүз, 11-14 жаштан баштап кечигүүсүз келип турса, оорутпаса, өлчөмү өтө көп эмес жана таптакыр аз эмес болсо, анда тынчсызданууга негиз жок. Бул жөн эле ар кандай өлчөм жана эч кандай көйгөй эмес. Жогорудагылардын бирөөсү таааныш болсо, анда текшерүүдөн өтүү зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп