Бөйрөгүмдө туз пайда болуптур. Уруктугума таасир этеби?
2022.01.26, 16:15
1771
Саламатсызбы! Бөйрөктөгү туздар спермага таасир этеби? Убагында дарылап койсом жакшы болуп каламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.01.2022, 16:15
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Эгер, сурооңузга гана жооп бере кете турган болсом, бөйрөктөгү туздар спермага таасир тийгизбейт. Бирок, ал туздарды убагында дарылабаса, бөйрөк бат-баттан сезгенип, пиелонефрит башталат. Бул учурда жыныс жолдору дагы инфекцияга чалдыгып, спермага терс таасирин бере баштайт. Оору өтүшүп кете электе урологго кайрылып, дарыланыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп