Күйөмдүн мурдунан кан кетпейт
Күйөмдүн мурду бат-баттан канайт. Ойлонсо, ачууланса жана бир нерсе тийип кетсе, түндөсү аябай көп канайт. Эмнеден болушу мүмкүн?
Чолпон Бейшеева
дарыгер отоларинтолог
Биринчиден күйөңүз сөзсүз ЛОРго кайрылып, риноскопия кылсын. Анткени лабораториялык анализдоо керек. Даттануусу боюнча болжолдуу түрдө кургак ринитке окшош экен. Мурун көңдөйүндө киссельбаха деген зона бар. Ал жерде көптөгөн кан тамырлардын анастамозу жайгашкан. Ошол жер кургап кеткенден улам мурун көңдөйүндөгү (слизистая оболочка) кан тамырлардын дубалы жарылат. Кандуу кабыкча туруп калат да, чимкиргенде же тийгенде кабыкча чыгып кетип, канай берет. Артериалдык кан басым көтөрүлсө дагы канайт. Андыктан тезинен дарыгер отоларинтологго кайрылсын.