2012-жылы 9-классты бүткөм. Быйыл окууга тапшыра аламбы?
Саламатсызбы! Менин суроом мен 2012-жылы 9-классты аяктап, бирок кандайдыр бир себептер менен окууга тапшыра албай калгам. Эми тогуздун базасы менен быйылкы окуу жылына тапшырсамбы дегем. Кандай кылып тапшырсам болот? Мен билимдүү болгум келет.
КР Билим берүү министрлигинин PR бөлүмү
Саламатсызбы! 9-класстын базасы менен колледждерге тапшырсаңыз болот. Бул окуу жайларга ЖРТнын кереги жок, өздөрүнүн тестин тапшырат. Ички тесттин жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерлер бюджетке өтөт. Колледждердин окуу мөөнөтү тандаган кесибиңизге жараша, жалпысынан 2-4 жылга чейин. Бирок, кийин жогорку билим алууну көздөгөн учурда каалаган кесибиңизге тапшыра албай, окуган кесибиңиз боюнча эле билимиңизди жогорулата аласыз. Окууңузга ийгилик!