Боюнда бар аял температура болсо эмне кылышы керек? Адистен жооп
2022.01.22, 13:58
1436
Боюнда бар аял температураласа эмне кылуу керек жана кандай дары ичиши керек? Эки жарым айлык кош бойлуумун.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.01.2022, 14:06
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Эки жарым айлык кош бойлуу болсоңуз он жумадай болуп калды. Сиз сегиз жумасынан баштап учетко турушуңуз керек болчу. Анан учетко алган гинеколог эмне десе ошонун баарын аткарышыңыз керек.
Учурда коронавирус күчөп, жадагалса башка штаммдары дагы болуп жатат. Сизге ковидге каршы тест тапшырууну жана дарыгериңизге барууну сунуштайм. Ошондой эле айланаңыздагыларга жуктуруп албоо үчүн изоляция болуп, көчөгө чыкканда дайыма маска тагынып жүрүңүз.
Мындан сырткары көбүрөөк суюктук ичиңиз. Кандай дары ичиш керек экенин гинекологуңуз жазып берет.
Оорубаңыз!
0
Пайдалуу жооп