Балам табарсыгы толгондо дароо дааратканага барбайт. Зыян эмеспи?
2022.01.21, 13:48
1054
Саламатсызбы! Балам табарсыгы толгондо дароо дааратканага барбайт. Чыдамы кетип, болбой калганда чуркайт. Канча уруштум, бул адатын таштабай койду. Зыян эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2022, 13:50
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Норма боюнча адам бир күндө 7-8 жолу заара кылат. Ошол эле учурда кээ бирөөлөр күнүнө 1-2 жолу гана заара ушатат. Бул деле норманын чеги болуп эсептелет. Ал эми табарсык толгондон кийин көпкө кармап туруу ыңгайсыздык жаратып,табарсыкты оорутканы гана болбосо эч кандай деле көйгөй жок.
0
Пайдалуу жооп