Мастурбация кылганда кыздык алынып калынышы мүмкүнбү?
2022.01.20, 15:55
11407
Саламатсызбы! Кол менен мастурбация кылганда, кол вагинанын ичине кирсе кыздык алынып калынышы мүмкүнбү? Менде эч кандай кан болгон жок? Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2022, 16:00
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Мунун баары жыныс кынына канча манжа агрессивдүү же жылмакай киргизилгенинен, ткандардын жакшы созулганынан, кыздык челдин формасынан жана созулушунан көз каранды. Акыркы убактарда жыныстык катнаш дагы кыздыктын бүтүндүгүн буза албаган учурлар кездешүүдө. Эгер буза алса дагы кан чыкпайт. Андыктан, бул жерде баары индивидуалдуу. Кабатыр болуп жатсаңыз, гинекологго бир текшерилип коюңуз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп