Ичиме операция болгондон бери этек кирим келбей калды. Ушундай болобу?
2022.01.20, 11:38
949
Мен 15 жаштамын. Ичимдин сол тарабынан операция болгом. Азыр 1 айдан ашык убактан бери айызым келе элек. Бул нерсеге операциянын таасири тийиши мүмкүнбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2022, 11:41
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Операция организм үчүн стресс болуп саналат. Анын үстүнө наркоз бир жагынан терс таасир бериши мүмкүн. Стресс этек кир циклинин өзгөрүшүнө себеп боло алат, бирок көбүнчө ал өзүнөн-өзү калыбына келет. Эгерде 2 айдын ичинде калыбына келбесе, анда гинекологдун кеңеши зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп