// //

5 айлык баланын ден соолугун текшертүүдө буларды билүү керек

2022.01.15, 13:55
746

Балаңыздын өсүшүн, өнүгүшүн, ден-соолугун текшерүү жана зарыл эмдөөлөрдү жүргүзүү - бул анын өнүгүшүн камсыздоого жана колдоого тийиш болгон ден-соолук чарасы. Педиатрга жазылыңыз!

Балаңыз эчак  эле чалкасынан жатканда ичине оодарылып жана тескерисинче эки жакка оодарыла баштаса керек жана сиз менен баарлашууда өзүнүн үн жөндөмдөрүн ар кандай жолдор менен колдоно баштаган (чыйылдап, кыңкылдап, үнүнүн бийиктигин ар кыл калыпта өзгөртөт)

Кабыл алууга  даярдануу

  • балаңызга жаккан шылдыракты жана доктурга суроолоруңуздун тизмесин алып келиңиз.

Профилактикалык кабылдаманын мазмуну

  • Өсүүгө байкоо жүргүзүү: кадимкидей өлчөөлөр жүргүзүлөт: дене салмагын, дененин узундугун жана баштын айланасын.
  • Киришүү маеги жана консультация: Тамактануу жана өсүү дагы деле болсо дарыгер менен маектешүүдө негизги нерсе. Балаңызга жалаң гана эмчек эмизүү сунушталат. Дарыгер менен бирге балаңыздын өсүшүнө жана жүрүм-турумуна жараша тамактанууну жана өсүүнү баалайсыз.
  • Сүтсүз тамактунууну качан, кантип баштайсыз, кайсы азыктар менен жана канча өлчөмдө баштасаңыз болоорун макулдашасыз.
  • Медициналык текшерүү жана өнүгүүнү баалоо: Дарыгер баланы кадимкидей текшерүүдөн өткөрөт: Ал чалкасынан жатканда өзүн кандай кармагандыгын текшерет; ал жаңы эле аркасынан ичине оодарыла баштадыбы, бала өз алдынча отура элек болсо дагы, ар кандай абалда болгондо жана отурганда башын, тулкусун, буттарын кандай кармайт.
  • Ал байкоо жүргүзөт: апасына жана тааныш адамдарга кандай карайт жана доктурга белгисиз адам катары кандай карайт, оюнчук менен кантип ойнойт жана аны оозуна салабы.
  • Текшерүү учурунда сиз балаңыздын өнүгүүсүнүн бардык маанилүү багыттары жөнүндө сөз кыла берсеңиз болот.

Эмдөө

  • Сиздин врач / медайым балаңыз ушул убакка чейин кайсы вакциналарды алгандыгын жана акыркы барганда алган вакциналарга кандай реакция кылгандыгын текшерет.
  • Эгерде бардыгы жакшы болсо, анда бул жолу да эки укол алат. Ал дифтерияга, селеймеге, көк жөтөлгө, полиомиелитке жана гемофилус тумоосуна каршы курама вакцинанын үчүнчү дозасын бир санына, ал эми экинчи санына Пневмококк бактериясы пайда кылган ооруга каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алат.
  • Вакцинадан кийинки алгачкы күндөрү, кээ бир балдарда эмдөөдөн кийинки реакция катары жеңил ысытма, тынчсыздануу жана ыйлоо пайда болушу мүмкүн, мындай абалды басаңдатуу үчүн педиатр дайындаган дозада парацетамол сиробу берилиши мүмкүн.

Акыркы пикир

  • аягында, доктур, адатта, дагы бир нече оозеки сунуштарды жана мүмкүн болсо, жазуу жүзүндөгү материалдарды берет. Ошондой эле ал кийинки кабыл алуунун убактысын эскертет.

Ден-соолукту үзгүлтүксүз текшерүүдөн өткөрүп туруу менен, балаңыз ийгиликтүү өнүгүшү үчүн керектүү колдоону алат. Бул мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербеңиз!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт