Кайын энемдин колундагы кызыма алимент төлөбөй койсом болобу?
Саламатсызбы! Аялым турмушка чыгып кеткен, кызым таенесинде. Ага алимент төлөп келем. Эми төлөбөй койсом болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер сизге карата, сот тарабынан алимент өндүрүү боюнча соттун чечими чыгарылган болсо, ал чечим күчүндө турганга чейин алимент төлөй бересиз. Тактап айтканда, чечимде көрсөтүлгөндөй кызыңыз бойго жеткенге чейин төлөйсүз.
Эгер кызыңызды өз карамагыңызга алып, өзүңүз багууну көздөп жатсаңыз, анда бул жагдайыңызды жазып, алимент төлөө чечимин жокко чыгарып берүүсүн өтүнүп сотко арыз менен кайрыласыз.
Бир сөз менен айтканда, сотттун чечими күчүндөбү, демек төлөй бересиз. Төлөбөй коюу боюнча, жубайыңыз экөөнөр макулдашууңар керек. Эгер аялыңыз “макул төлөбөй эле кой” десе, анын баш тарткандыгы боюнча сот аткаруучуга билдиресиз.