Турмушка чыкканыма 20 күн болду. Эмнеге кошулганда дагы эле канайт?
2022.01.12, 11:31
5195
Турмушка чыкканыма 20 күн болду. Күйөөм менен кошулганда дагы деле канайт. Эмне үчүн мындай?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.01.2022, 12:12
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бул жыныстык катнаш башталгандан кийин көп кездешчү кадимки көрүнүш. Сырткы жыныс органдарынын былжыр чели айыгып, калыбына келиши үчүн болжол менен 5-7 күн керек. Тактап айтканда, жыныстык катнаштан ушунча күн эс алуу керек. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо жашаган жериңиз боюнча гинекологго кайрылыңыз. Текшерүүдөн кийин сизге керектүү дары-дармек же кеңеш дайындалат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот
0
Пайдалуу жооп