// //

Кыздар арасындагы чыныгы достукту далилдеген 5 белги

2022.01.11, 16:58
1009

Салам достор!  Кыздар арасында чыныгы достукту далилдеген белгилер тууралуу Москва Гештальт институтун бүтүргөн психолог Гүлмира Молдокулова айтып берет.

Биринчи белги

Жалпы кызыкчылык. Көп нерсеге окшош көз караш. Жашоого болгон баалуулуктары, кызыкчылыктары бирдей болсо. Бири-бирине кыял- жоруктары окшошсо жана жакса. Анда мындай достук ийгиликтүү жана түбөлүктүү болот.

Экинчи белги

Пикир алышуу. Кыздар үчүн өзгөчө бул баарлашуу, жаңылыктарды бөлүшүү болуп эсептелинет. Кээде жөн эле олтуруп, кофе же чай ичип алып сүйлөшүү дагы достук үчүн маанилүү.

Үчүнчү белги

Сыр бөлүшүү. Сырларды бөлүшүү жакын достордо болуучу сапат. Ага жашооңдо болуп жаткан сүйүнүчтөгү, кайгыдагы сырларыңды айта аласың, себеби сен ага ишенесиң. Эгер досуң ал сырды сактай албай бирөөгө айтып койсо анда достукта жарака кетет.

Төртүнчү белги

Кеңеш жана жардам берүү. Достун сага, сенин ага чын жүрөктөн кеңеш жана жардам бергениң. Дос деген баарынан кеңеш менен жардамды күтө бербейт, дос досунан күтөт. Айттырбай жардам сунуу, кеңеш айтуу достукту бекемдейт.

Бешинчи белги

Чогуу убакыт өткөрүү. Көпчүлүк убакта бирге болуу. Биргеликте үй тапшырманы аткаруу, сейил бактарда сейилдөө, чогу кийим-кечек сатып алуу. Убакытты курбуга арноо, чыныгы достукка кадам шилтөө.

Ал эми кийинки материалда качан достук бүтөт же начарлайт экенин айтып беребиз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт