Балага сайылчу кептөөр, көк жөтөл, сенекке каршы вакцина тууралуу
2022.01.11, 10:01
872
Бала 2 жашында ушундай коркунучтуу жугуштуу оорулардан организмдин коргонуусун узартуу үчүн көк жөтөл, кептөөр жана сенекке каршы АКДС вакцинасын (ревакцинация), ал эми 6 жашында кептөөр жана сенекке (ревакцинация) каршы АДС вакцинасын алат.
Вакцина тууралуу
- АКДС вакцинасы – адсорбацияланган көк жөтөл-кептөөр-сенек вакцинасы, ал тазаланган кептөөр жана сенек токсиндерин, көк жөтөлдүн жансыздандырылган бөлүкчөлөрүн камтыган бир кылка суюктуктан турат.
- АКДС вакцинасы балдарды кептөөр, көк жөтөл жана сенектен коргоо үчүн колдонулат.
- Кыргыз Республикасынын Алдын алуучу эмдөөлөр календарына ылайык, сиздин балаңыз АКДС вакцинасы менен көк жөтөл, кептөөр жана сенекке каршы ревакцинация алат.
- 6 жашында балаңыз АДС вакцинасы менен кептөөр жана сенекке каршы ревакцинация алат.
- Сиздин балаңыз вакцина албашы керек, эгерде:
- вакцинанын кайсы бир компоненттерине карата өзгөчө сезгичтик бар болсо же мурдагы жасалган вакциналарга карата күчтүү аллергиялык реакция байкалган болсо;
- баланын нерв системасында күчөгөн оору бар болсо.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.
Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.