Төрөт үйүнөн берилчү маалымкаттын көчүрмөсүн кантип алам?
2022.01.10, 11:13
757
Саламатсызбы! Метрика алыш үчүн төрөт үйүнөн берилген маалымкатты жоготуп алдык. Көчүрмөсүн алыш үчүн кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.01.2022, 11:13
Канышай Атакулова
Биринчи Май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси
Төрөт үйүнөн алган тактаманы жоготуп алганда кабатыр болуунун кереги жок. Кайра төрөт үйүнүн администрациясына барса, алар эмне кылуу керектигин айтышат. Мисалы, ЖААК бөлүмдөрүнөн бала каттала ала элек деген маалымкат алып келүүнү өтүнүшөт. Ошонун негизинде кайра калыбына келтирип беришет.
0
Пайдалуу жооп