Жолдошум алган банктан мен дагы кредит алаламбы?
2022.01.10, 10:35
701
"Айыл Банктан" жолдошум кредит алган, 5 жылга. Азыр төлөп жатабыз. Бүтөөрүнө дагы 2 жыл калды. Өз убагында төлөп турабыз. Быйыл мен дагы алайын дегем. Мал чарбасына болобу? Жооп берип коесузбу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.01.2022, 10:37
"Айыл Банктын" маалымат кызматы
Саламатсызбы! Эгер эки кредитти төлөө мүмкүнчүлүгүңөр болсо, албетте алсаңыз болот. Бул жерде баары оңой. Сиз "Айыл Банктын" каалган жана өзүңүзгө жакын, ыңгайлуу болгон филиалына кайрылышыңыз керек. Адистер киреше булактарыңызды карап, кененирээк маалымат берет.
0
Пайдалуу жооп