// //

Жыныс мүчөмө мазь сүйкөсөм деле кургап жатат. Эмне кылсам болот?

2022.01.08, 16:05
1597

Саламатсызбы! Мен кызмын. Жыныс мчм кычышып, кургап жатат. Ар дайым өздүк гигиенаны сактайм. Бир жума мурун кытышканда мазь сүйкөгөм. Баары бир кургап кетип жатат. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.01.2022, 16:07

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Жаш кыздарда, ал тургай ичинекейлерде дагы тышкы жыныс органдарынын ар кандай оорулары болушу мүмкүн. Бул оорулар ар кандай жолдор менен байкалат. Баары теринин жана былжыр челдин сезгичтигине, микрофлорага, иммунитетке, ичегинин иштешине жана башка себептерге байланыштуу.

Өзүңүздө эмне бар экендигин түшүнүү үчүн гинекологго барып, текшерүүдөн өтүп, мазокторду тапшырып, андан кийин дарылануу жана сунуштарды алыңыз. Оорулар абдан көп, сизди текшерүү учурунда гана так кайсынысы экени билинет.

Өз алдынча мазь сүйкөп, же дары ичип, ар кайсы методдорду кылбаңыз. Бул ден соолук үчүн абдан кооптуу. Жакшысы, убакытты созбой бейтапканага барыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт