Неврит оорусунан толук айыга аламбы? Невролог жооп берет
Неврит болуп сыркоолоп калдым. Оң тарабым, көзүм, бетим, оозум бир жака карап жатат. Күнгө чыкканда көзүм ооруп, тамак жегенде кыйналып жатам. Дарыгер укол жазып берген. Толук жакшы боло аламбы?
Мунара Исаева
Невролог
Саламатсызбы! Неврит болгондо сиз айткан белгилердин бардыгы болот. Мындай учурда убагында дарыгерге кайрылуу керек. Негизи неврит болгон адамдардын бардыгы ооруканада жатып алып дарыланышы керек. Үйдөн дарыланган эң чоң катачылык. Анткени мындай оору учурунда гармондорду ичет. Ал эми гармондорду ичкен адам дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. Ошондуктан врачка кайрылып, ооруканага жатып дарыланыңыз.
Бул оорудан толук айыгып кетүүгө болот. Болгону убакыт көп кетет. Бирок, кайсыл учурда дарыланып баштаганыңыздан көз каранды.
Ден соолукта болуңуз.
Невролог Мунара Исаева менен байланышуу үчүн @nevrolog_karakol инстаграм баракчасына кириңиз.