Ымыркайдын көзүн, мурдун жана кулактарын кантип тазалоо керек?
Балаңыздын көзү, мурду жана кулактары күн сайын кылдаттык менен кам көрүүгө муктаж.
Баланын көзүн, кулактарын жана мурдун тазалоо: негиздери
Бөбөктүн кулактарына, көздөрүнө жана мурдуна туура кам көрүү – күн сайын денеге жасалуучу гигиенанын ажырагыс бөлүгү. Сиз балаңызды жуунтуп жатканда көзүн, кулагын жана мурдун тазаласаңыз болот. Сизге жылуу суу гана керек. Самын колдонуудан алыс болуңуз, анткени балаңыздын териси сезимтал болгондуктан самын терини кургатып коюшу мүмкүн.
Баланын бетине кам көрүүдөгү негизги процедуралар
Баланын көзүнө, кулагына жана мурдуна кантип туура кам көрүү керек:
- Кебез дисктерин алыңыз.
- Бир кебез дискин жылуу сууга чылап, кичине сыгыңыз.
- Алгач балаңыздын көзүнүн сырткы бурчтарынан ичин карай сүртүп, андан кийин экинчисине өтүңүз.
- Ар бир көзгө жаңы кебез дискинколдонуңуз.
- Мурундун тешиктерин стерилдүү вазелин майына чыланган эшилген кебездер менен тазалаңыз; оң жана сол мурун тешиктерин айландыруучу кыймылдар аркылуу кезеги менен тазалаңыз.
- Ар бир мурун тешигине жаңы эшилген кезбез колдонуңуз.
- Баланын таноолоруна кебез таякчаларын салбаңыз, бул мурундун былжырлуу челин жабыркатып жана канатышы мүмкүн.
- Балаңыздын кулагынын ар биринин артын жана кулагынын сырт тарабын тегерете сүртүңүз. Этият болуңуз, анын кулагынын ичине эч нерсе (анын ичинде кебез таякчаларын) салбаңыз, анткени ага оңой эле зыян келтирип коюшуңуз мүмкүн.
- Балаңыздын ээгинин астын жана моюнун кылдат сүртүңүз, теринин бүктөмдөрүнүн ортосун аарчыганыңызды текшериңиз.
- Жумшак сүлгү менен балаңыздын терисин акырын кургатыңыз. Теринин бүктөлгөн жерлерин жана анын кулагынын артын кургатканыңызды текшериңиз.
Ымыркайыңызга сиз анын бетин тазалоого аракет кылганыңыз жакпашы мүмкүн. Аны тынчтандыруу үчүн аны менен акырын сүйлөшсөңүз же ырдасаңыз болот.
Ымыркайлар ашыкча дүүлүккөндө же чарчаганда көп учурда бышылдайт. Алардын мурун көңдөйлөрү абдан кууш болгондугунан улам ушундай болот. Бул нормалдуу көрүнүш – мындай жол менен ал мурундун былжыр суюктуктарынан арылат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.
Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.