Дары менен бойдон түшүргөндөн кийин канча күн кан келет?
Саламатсызбы! Дары менен бойдон түшүргөндөн кийин канча күн кан келет? Ушул тууралуу айтып бериңизчи.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Дары менен бойдон алдыруудан кийин, алгач 2-3 күнгө созулган көп өлчөмдөгү "выделения" келет. Андан кийин 2 жумага жакын былжыраган "выделения" келет. Болжол менен дагы 2 жума бою анча көп эмес былжыраган "выделения" күтүлөт. Ал эми кийинки этек кир бүткөндөн кийин такыр кан болбошу керек. Баары жакшы экенин билүү үчүн, медициналык аборт үчүн 2 дарыны ичкенден кийин 14 -күнү УЗИге түшүү керек. Гинекологго кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.