// //

Полиомиелитке каршы вакцина тууралуу пайдалуу 6 маалымат

2021.12.30, 13:29
914

Балдарды полиомиелиттен коргоо үчүн: ОПВ - оралдык полиомиелит вакцинасы жана ИПВ - инактивацияланган полиомиелит вакцинасы колдонулат.

Вакцина тууралуу

  1. ОПВ - оралдык полиомиелит вакцинасы полиомиелиттин 1 жана 3 тибиндеги Сабин штаммдарынын тирүү алсыздандырылган вирустарынан алынган турукташтырылган препараттан турат.
  2. Кыргыз Республикасынын Алдын алуучу эмдөөлөр календарына ылайык сиздин балаңыз полиомиелитке каршы вакцинанын үч дозасын: 2 айында, 3,5 айында жана 5 айында алат.
  3. Вакцина балдарга 2 тамчы дозасында берилет.
  4. 3,5 айлык куракта ОПВ вакцинасы менен биргеликте полиомиелиттин 1, 2 жана 3 тибиндеги Сабин штаммдарынын тирүү алсыздандырылган вирустарын камтыган ИПВ вакцинасы - инактивацияланган полиомиелит вакцинасы жасалат. ИПВ вакцинасы сандын жогору жагындагы алдыңкы бөлүккө булчуң ичине жасалат.
  5. Полиомиелитке каршы вакцинаны бир эле учурда башка вакциналар менен биргеликте жасоого болот (2, 3,5 жана 5 айында көк жөтөл, кептөөр, сенек, гемофилдик инфекция, В гепатитине ошондой эле ротавирус инфекциясына каршы ПЕНТА вакцинасы менен бир эле учурда). 2 жана 5 айында пневомококк инфекциясына каршы ПКВ вакцинасы менен биргеликте жасалат.
  6. Сиздин балаңызда эгерде неомицин, полимиксинге же вакцинанын башка компоненттерине ашыкча сезгичтик бар болсо же мурдагы жасалган вакцинага өтө катуу аллергиялык реакция байкалган болсо, ал вакцина албоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт