Мен 24 жаштамын, отургузула элекмин. Азыр урологго кайрылсам болобу?
2021.12.29, 11:04
1218
Саламатсызбы! Мен 24 жаштамын. Кичинемде отургузулган эмесмин. Эми урологго барсам болобу? Жана жыныстык катнашты канча күндөн кийин улантсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.12.2021, 11:04
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатсызбы! Сүнөткө отургузганда жаш курак боюнча чектөө жок. Процедура 30 мүнөткө чейин созулат. Касаны кестирүү (крайняя плость) жыныс мүчөнүн көлөмүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Операциядан кийин дароо үйгө кете берсе болот. Эки жумага чейин өзү жууп, тазалап, таңып турат. Оор жүк көтөргөнгө жана ашыкча физикалык активдүүлүккө тыйуу салынат. Эки жумадан кийин жыныстык жашоону уланта берсе болот.
0
Пайдалуу жооп