Достукту бекемдөөчү 13 адат
2021.12.25, 14:50
1153
Салам окурман! Бул ирет bilesinbi.kg достукту бекемдөөчү 13 адат менен бөлүшөт. Эгер сизде кошумча болсо комментарийден күтөбүз.
- Досуңузга жашооңуздун кандай оор экендигин армандап жүрсөңүз, жакшы жагын дагы айтканды үйрөнүңүз. Бул менин досум, мени укканды билет деп эле терс эмоциянын барын ага төгө бербеңиз. Кубанычыңыз менен бөлүшкөндү үйрөнүңүз. Ал да сиз үчүн кубансын.
- Өзүңүздү досторуңуз менен салыштырбаңыз. Биз барыбыз башкалардан жакшы да, жаман да дагыбыз. Терс тарабыбызды өзгөнүн күчтүү тарабы менен салыштыруу жакшылыкка алып келбейт. Андан көрү досторуңуздун оң сапаттарын кабыл алып, алардан үйрөнүңүз.
- Сөзсүз түрдө досуңуз сунуштаган нерсени изилдегенге аракет жасаңыз. Ал нерсе сиз үчүн кызык болбосо, досуңузду жакындан билүүгө түрткү болот. А мүмкүн жаңы нерселерди үйрөнүп аласыз. Мындай сунуштарды четке кагуу менен досуңузга кайдыргер экендигиңизди далилдеп аласыз.
- Досуңуз өзүнүн ой санасын айтып жатса, өзүңүздүн тажрыйба менен бөлүшкөндү токтотуңуз. Чын дилиңиз менен аны угуңуз. Эгер сиздин окуя чындап эле ага жардам бере турган болсо бөлүшүңүз. Бирок сөздү толугу менен өзүңүз жака буруп кетпеңиз.
- Шашылыш түрдө досуңущдун көйгөйүн чечкенге аракет кылбаңыз. Жөн гана аны уга турган дос керек болуп жаткандыр. Күмөн санап турсаңыз ачык эле, кеңеш керекпи же эмоционалдык колдоо керекпи, деп сураңыз.
- Досуңүздун капа болуп жүргөнүн байкасаңыз, ал тууралуу сүйлөшкүсү келеби же жокпу сураңыз. Кээде барын унутуп, күлүп койчу учур болот эмеспи.
- Ал үчүн маанилүү күндү билээриңиз менен календарга белгилеп же эсиңизге түйүп алыңыз. Ошол күн келгенде кыскача куттуктоо жазып коюңуз. Албетте ага абдан жагымдуу болот.
- Дайыма бир калыпта жүргөн досуңузга дагы жардам керек болушу ыктымал. Мүмкүн ал өзүнүн ичиндегисин биринчи орунга коюштан тарттынаттыр. Ошондуктан дайыма акыбалын сурап, жардам берип туруңуз. Колдооңуз ал үчүн жагымдуу болот.
- Кечигип жатсаңыз досторуңузга билдирип коюңуз. Кечирим сурап, канча мүнөттөн кийин барып калаарыңызды айтып койсоңуз жетиштүү болот. Муну менен сыйыңызды билдирип, аларды күттүрүүдөн жана божомол ойлордон алыс кыласыз.
- Досуңуз абалыңызды сурап жатса, сөзсүз түрдө сиз да анын ал акыбалын сураңыз. Кайдан билесиз, мүмкүн ал ичиндегисин айтууга сөз баштай албай жаткандыр. Ооба, бул биринчиден сылыктык.
- Бир жерге досуңузду чакыра турган болсоңуз, “сен келсең кубанам” деңиз, “кааласаң келип кал”, дебей. Ооба, ал досуңуз, түшүнөт. Бирок биринчи сөз сиз аны сыйлап жатканыңыздан кабар берет.
- Эгер досуңуздун талантын көрсөңүз, ток этер жерин айтыңыз. Жөн гана “ай азамат” деп койбой.
- Түгөйүңүз пайда болсо дагы досторду унутпаңыз. Дайыма ал менен болгуңуз келип турса дагы, достук дагы маанилүү экенин унутпаңыз. Убакыт таап алар дагы сиз үчүн кымбат экенин кабар берип коюңуз.
Бул жерден достукту далилдөөчү жана начарлаткан 5 белги тууралуу окуй аласыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.