Эки ай мурун төрөгөм, кан тойтой элек. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы! Төрөгөнүмө эки ай болоюн деп калды. Кан дагы эле келип жатат. Төрөттөн кийин кан канча күндө токтойт? Эмне кылышым керек?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Төрөттөн кийин кан аралашкан суюктук бир айдын ичинде токтошу керек, ал эми "мажущие выделения" максимум 40 күнгө чейин созулушу ыктымал. Адатта, төрөттөн кийин 2-3 жума көп эмес, орточо өлчөмдө кан келет. Андан кийин азайып, кээде күнүмдүк прокладкаларды эле колдонуу жетиштүү болуп калат.
Эгерде сизде айдын аягында кан аралашкан суюктуктун келиши көп байкалса, анда жатындын ичинде плацентардык ткандардын калдыктары бар. Ошондой эле эндометриянын плацентардык полиптери пайда болот дегенди билдирет. Бул төрөттөн кийинки татаалдашуу. Андыктан, күтпөңүз, тезинен кайда көз жарсаңыз, ошол төрөт үйүнө кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.