Бала эмизип жатканда чач түшүүнүн 4 себеби
Салам достор! Бүгүн силерге кезектеги пайдалуу маалыматты сунуштайбыз. Маммолог Аида Осомбаева эмизип жатканда чач эмне үчүн түшөрүн айтып берет. Бала эмизген жакындарыңыз менен бөлүшкөндү унутпаңыз.
Организмдеги гормоналдык өзгөрүү
Кош бойлуулуктун акыркы айларында болочок эненин организминде эстроген гормону күчүнө толуп турган кези болот. Ал эми көз жаргандан кийин башкы роль пролактинге өтөт. Бул гормон -лактациялык гормон болуп саналат. Башкача айтканда, аялдын организминен сүт бөлүп чыгаруу системасына жооптуу. Ал эми эстроген гормонунун деңгээли кескин түшүп кетет. Мынчалык курч өзгөрүүлөр чачтын түшүшүнө себепкер болот.
Туура эмес тамактануу
Эмизип жаткан эне, тамактануусун толугу менен баланын керектөөсүнө ылайыктайт. Буга чейин күнүмдүк рационго кирген айрым азыктарды убактылуу жегенге болбойт. Мисалы таттуулар, мөмө жемиштер, баланын аллергиясын козгой турган продуктулар. Ал эми сууга бышкан эт, туздуу эмес шорпо, жер-жемиштерди жетишээрлик деңгээлде жана күндө жеп туруу керек.
Витаминдердин жетишсиздиги
Витаминдердин жетишсиздиги туура эмес тамактанууга түздөн-түз байланышы бар. Төрөттөн кийин да эненин организми эки кишиге ылайыктап иштөөсүн уланта берет. Ал өзүн да баланы да азык менен камсыздоого умтулат, бирок көбүрөөк бөлүгүн балага берип коет. Ошондуктан, эмизип жаткан эненин күнүмдүк тамактануусуна жакшылап көңүл бөлүү зарыл. Антпесе тырмактары сынып, териси кургап, чачы түшө баштайт.
Уйкудан калуу, стресс болуу
Кичинекей баласы бар энелер үчүн уйкусунун канбай калышы катардагы көрүнүш. Бала үчүн сарысанаа болуу, ага кам көрүү, күнүмдүк тиричилик, чарчоо ж.б. стресс гормонун пайда кылат. Булар аялдын ден соолугуна жана келбетине терс таасирин тийгизет.
Ден соолукта болуңуз!