Баш ооруну басаңдатуучу таблеткалар зыян эмеспи? Адис жооп берет
Мен чет мамлекетте иштейм. Бул жер ысык болгону үчүн башым бат-баттан ооруйт. Цитрамон, парацетамол, тримол деген дарыларды бул жерде колдонууга мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу бир гана ооруну басаңдатуучу таблеткалар бар. Мен кээде күнүнө 3-4 таблетка ичип коем. Бул зыянбы?
Мунара Исаева
Невролог
Саламатсызбы! Күндө 3-4 даана ооруну басаңдатуучу таблеткаларды ичкенге болбойт. Анткени ал препараттардын өзүнүн терс таасирлери бар. Күнүнө 3-4 таблетка ичсеңиз “абузусная головная боль” пайда болушу толук мүмкүн. Ошондуктан бир күндө бир же болбосо, жумасына эки эле жолу ичкенге уруксат берилет.
Эгер баш оору токтобосо, эмне үчүн ооруп жатканын невропатологго кайрылып текшертүүңүз керек. Анан дарыгердин жазып берген дарыларын ичесиз.
Ден соолукта болуңуз.
Невролог Мунара Исаева менен байланышуу үчүн @nevrolog_karakol инстаграм баракчасына кириңиз.