Жаш баланын ичинде курттар болсо, кандай белгилер болот?
2021.12.15, 10:29
5026
Саламатсызбы! Жаш баланын ичинде курттар болсо, кандай белгилер болот? Ушул тууралуу маалымат берип коесузбу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.12.2021, 10:30
Жумабүбү Эсенканова
№3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер инфекционисти
Эгер баланын ичинде курттар бар болсо, иммунитетине таасир берет. Бат-баттан ооруйт, арыктайт, тамак ичпейт. Андан тышкары, түнкүсүн тишин кычыратат, жүрөгү айланат. Курттардын кайсы түрү экенин билүү үчүн анализ тапшыруу керек. Түрлөрү көп, кайсынысы экенин билбей туруп, эч нерсе кыла албайбыз. Андан кийин гана дарыгер дарыоо курсун жазып берет.
0
Пайдалуу жооп