// //

Бул тамактарды жегенден кийин дароо тишиңизди жууңуз

2021.12.14, 11:21
1509

Салам достор! Стоматологдор "тишти таттуулар эмес, ооздун гигиенасын туура эмес сактоо бузат" деп айтышат. Андыктан, бүгүн силерге кайсы азыктан кийин тишти дароо жууш керек экенин айтып беребиз. Баса, анан башка учурларда жуубай койбоңуз. Тамактангандан кийин оозуңузду чайкап турганды адат кылып алыңыз.

Жабышкак тамак

Буга кургатылган мөмө-жемиштер, желатин азыктары, бал, нан, жүгөрү таякчалары кирет. Мындай жабышкак азыктар тиште көпкө калып калат, анткени шилекей аны дароо эрите албайт. Бул учурда ал калдыктар бактерияларды чогулта баштайт. 

Кислоталуу тамак

Кислоталуу тамак-аш эмалдын бузулушун тездетет. Айталы, анын табигый жаркырап тураганы жоголот жана тиштер сезимтал болуп калат. Ысык жана муздак суусундуктарды ичкенде жагымсыз сезимдер пайда болот.

Таттуу тамак

Кант бактериялар үчүн идеалдуу чөйрө болуп саналат. Эгерде таттууларды сүйгөн адам ооз гигиненасын убагында сактап турбаса, анда эмалы бузулат, ошондой эле  кариеске чалдыгышы мүмкүн. Бул жерге таттуу жемиштер менен  ширелерди дагы кошуп коюу керек. 

Газировка

Таттуу лимонаддар тиш үчүн уулуу. Алардын курамында көмүр кычкыл газы бар, ал зыянсыздай көрүнгөнү менен эмалды бузат. Анын натыйжасында кариес пайда болот. Ошондой эле, лимон кислотасы тишке терс таасирин тийгизет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт