// //

Мектептин камерасы биздин үйдү кошо тартат. Ошону кандай кылсак болот?

2021.12.13, 14:42
1118

Саламатсызбы! Биздин үй мектептин жанында. Мектепке жакында видео көзөмөл орнотулган. Бир камерасын мектептин көмүр канасына каратып коюшкан. Эми ошол камера биздин үйдүн, эшиктин алдын кошо алат экен. Үй-бүлө болгондон кийин ар кандай ситуация болот. Үйдүн короосунда кенен басып туралбай калдык. Камера бизди кошо тартып жатат деп. Мектепте карап отурушат да экранды. Ошону кандай кылсак болот? Бизде жеке жашоо дегеним. Биздин баскан турганыбызды, корообузда эмне болуп жатканын мектептегилердин көрүшүн каалабайм. Биз айылда турабыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.12.2021, 14:44

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Албетте, ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, абийиринин жана ар-намысынын корголушуна укуктуу, бул сиздин Конституциялык укугуңуз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесинин 4-бөлүгүндө "Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, купуя маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт" деп көрсөтүлгөн.

Демек, сиз айтып жаткан жагдайда, эгерде макул болбосоңуз, анда сиздин жеке жашооңузга байкоо жүргүзүп видеотасмага тартууга эч кимдин укугу жок. Сиз арыз менен ошол мектептин жетекчилигине кайрылыңыз. Маселе сиздин пайдаңызга чечилбесе, прокуратурага кайрылсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт