Бет териси кургак жигит кандай крем колдонсо болот?
Саламатсызбы! Мен жигитмин, жашым 20да. Бетимди самынсыз жуусам деле кургап, кычыша берет. Эмне кылышым керек, жооп берип коюңузчу сураныч?
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатсызбы! Биринчиден, самын менен бетти жууган такыр болбойт. Айрым дары самындарды эске албаганда.
Экинчиден, эмне себептен кычышып жаткандыгын аныктоо зарыл. Бул алергия, беттин териси өтө кургак, тери алдындагы кенелер (клещи, грибки) ж.б. болушу мүмкүн. Ар бирин дарылоо ыкмасы ар башка, ошондуктан диагноз коюлгандан кийин гана чара көрүүгө болот.
Үчүнчүдөн, көбүрөөк суу ичүү зарыл. Бир күндө 2-3 литр. Аз-аздан улам жутуп коюп туруңуз.
Төртүнчүдөн кам көрүүчү косметиканы туура тандоо абдан маанилүү. Аны косметолог-дерматолог консультация учурунда сиздин анализдериңизди эске алып, кеңешип тандап берет.
Ден соолукта болуңуз!