Кош бойлууларга учук чыкса эмне болот?
2021.12.03, 10:58
1914
Саламатсызбы! Учук, ошол эле герпес вирусу тууралуу маалымат алсам болобу? Кош бойлууларга зыян эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.12.2021, 11:04
Жумабүбү Эсенканова
№3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер инфекционисти
Саламатсызбы! Герпес – бул вирустук инфекция. Герпес десе жөн эле оозубузга учук чыкты деп коебуз. Бирок, андай эмес. Анын түрлөрү абдан көп. Андыктан, кайсы жерге чыкса ошол аймакты көргөн дарыгерге кайрылышыңыз керек. Мисалы, жыныс органдарында болсо гинекологго барасыз. Сөзсүз анализдерин тапшырып, дарыларын алуу керек. Анткени, ал абдан зыян, иммунитетке таасирин берет. Өнөкөт герпеске айланып кеткиче дарылап салыңыз.
0
Пайдалуу жооп