Балам ит менен мышыктарды көп кармайт. Инфекция кирип кетпейби?
2021.12.01, 21:01
680
Саламатсызбы! Кичинекей балам ит, мышыктарды көп кармайт. Колун самын менен эле жууп коем. Бул туурабы? Ичине инфекция кирип кеттиби деп корком.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.12.2021, 09:17
Жумабүбү Эсенканова
№3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер инфекционисти
Саламатсызбы! Ооба, колун самындап жууп турганыңыз туура. Сөзсүз ит менен мышыктарды убагында эмдетип туруңуз. Анткени иттер, мышыктар оорушат. Ветеринарга көрсөтүп, дарыларын алып турсаңыз балдар үчүн коркунуч жаратпайт. Анан албетте күнумдүк гигиена эрежелерин жакшылап сактаңыз.
0
Пайдалуу жооп