Сигаретсиз тура албайм
2018.01.22, 15:11
1659
Мен 17 жаштамын. Бир жылдан бери чылым тартам. Бир тартканда 3төн өйдө тартып жиберем. Бул адатымдан кантип арылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.01.2018, 15:13
Лариса Иванова
Жашы жете электерге медика-психологиялык жардам берген борбордун адиси
Сиздин учурда өз алдынча арылуу кыйынга турат. Ар бир адамдын организми ар башка болгондуктан, дарыканаларда сатылган чылымдан арылтчу таблетка, пластыр каражаттары жардам бере бербейт. Дарылануу көз карандылык баскычына карата индивидуалдуу жүрүшү керек. Ошол себептүү баш тартууну кааласаңыз, дарыгер наркологго кайрылганыңыз туура болот. Сизди текшергенден кийин дарылоо курсун жазып берет.
0
Пайдалуу жооп