Баш кошконубузга 11 жума болгон. Ичимдеги бала 13 жума экен. УЗИ жаңылабы?
Саламатсызбы! Боюмда бар, бүгүн УЗИге барсак 13 жума, 3 күн деди. Үйлөнгөнүбүзгө туптуура 11 жума. Күйөөмдүн алдында ыңгайсыз боло түштүм. УЗИ адашып калышы мүмкүнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Ооба, адатта, кош бойлуулуктун башталышында, УЗИден мөөнөтү эки жумага чейин айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле, мөөнөтүн өзүңүз кандай эсептегениңизден көз каранды: айызыңыздын биринчи же акыркы күнүнөн баштапты дегендей. Этек кир циклдин узактыгы дагы маанилүү: эрте овуляция болушу мүмкүн. Ушундан улам кош бойлуулуктун мөөнөтүндө айырмалар байкалат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.