// //

Бул 5 ооруну чачыңызды кырктырганы барганда жуктуруп алышыңыз мүмкүн

2021.11.16, 14:22
1956

Чач тарачка барганда чачыңызды туура эмес кыркып койгону бери калсын, коркунучтуу болгон бул 5 ооруну жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан жакшы чач тарач тандап жана өзүңүздү коргоо үчүн инструменттерди көз алдыңызда дезинфекциялоосун талап калыңыз.

Фолликулит

Чач фолликуласынын сезгениши. Белгилери - чачтын түбү кычыштырат, ириңдүү безетки чыгат, сезгенет. Мастер инструменттерди туура эмес тазалагандан улам  стафилококк бактериялары калып, кийин кардардын терисине өтүп кетет.

Чакалай 

Бул оорунун белгилери - баш терисинде кызыл тактар пайда болот, чач түшөт. Мурунку кардардан таракта грибок калганда жугат. Эгерде өз убагында дарылабаса, анда териде жарадан так жана чачы жок калуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Столбняк  

Бул дат баскан аспаптарды колдонууда жугушу мүмкүн болгон коркунучтуу оору. 

Педикулез

Биттер тарак жана кайчы аркылуу оңой жугушу мүмкүн. Негизги белгиси кычышуу болуп саналат. 

Гепатит В

Гепатит В маникюр, педикюр учурунда гана эмес, чач кыркканда да жугушу мүмкүн. Бул начар иштетилген аспаптарды колдонуп жатып баш терисин кесип алганда жугат. 

Ойлонуп калдыңызбы?! Бул дагы чети эле, сизди коркпосун деп көп ооруларды айткан жокпуз. Ошондуктан, гигиена эрежелерин талап кылганды үйрөнүңүз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт