// //

Жыныстык катнашка презервативи жок барса эмне болушу мүмкүн?

2021.11.15, 14:32
1333

Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. Жыныстык катнашка презервативи жок эле барса эмне болушу мүмкүн? Текшерилүү үчүн кимге кайрылуу керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.11.2021, 14:38

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Корголбогон жыныстык катнаштан кийин боюңузда болуп калышы мүмкүн. Бул этек кир циклиңиздин кайсы күнү жыныстык катнашка барганыңызга жараша болот. Ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу көптөгөн инфекцияларды жуктуруп алышыңыз ыктымал: трихомонас, гонорея, хламидиоз ж.б. Алгач бул ооруларды жуктурганыңызды билбей жүрө беришиңиз мүмкүн. Анткени контакт болгондон тартып оору өтүшкөнгө чейин бир нече күндөн бир нече айга созулушу ыктымал. Толук маалымат алуу үчүн гинекологго кайрылсаңыз болот.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт