Күйөөм ЗАГСты бербей жатат. ЗАГС жок ажырашсам болобу?
Мен күйөөм менен жашабайм. ЗАГСты бербей жатат. ЗАГС жок ажырашсам болобу? Кызым бар. Ал төрөлгөндөн көргөн эмес, жардам дагы бербейт, каралашпайт. Аталык укуктан ажыратсам болобу?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
1) Биринчиден, каалаган ЖААК органына барып нике күбөлүктүн дубликатын алсаңыз болот. Эгер сизге нике күбөлүк ажырашуу үчүн гана керек болуп жатса, анда ажырашуу тууралуу доо арызды ансыз тапшыра бериңиз. Анан,
"далилди талап кылуу жөнүндө" өтүнмөдө жазып, арызыңызга тиркейсиз. Ал өтүнмөдө нике күбөлүктүн түп нускасы жолдошуңузда экенин билдиресиз.
Сот КРнын Жарандык процесстик кодексинин 66-беренесине ылайык бул документти жолдошуңуздан талап кылат. Буга ылайык жолдошуңуз нике күбөлүктүн түп нускасын берүүгө милдеттүү болот. Эмесе административдик жоопкерчиликке тартылат.
2) Эгерде мурдагы жолдошуңуз балага такыр каралашпай, катташпай
жатса анда, ооба аны атылык укуктан ажыратууга укуктуусуз.
Бирок, бул өтө жүйөлүү себептерди жана процедураларды талап кылат.
Кандай учурда жана кантип ата-энелик укуктан ажыратуу болору КРнын Үй-бүлө кодексининин 74-75 - беренелеринде көрсөтүлгөн.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.