Ар бир айымдын косметичкасында булар сөзсүз болушу керек
2021.11.12, 11:45
1126
"Битва визажистов" көрсөтүүсүнүн финалисти Байнур Куштарбеков ар бир айымдын жаш курагына жараша косметичкасында эмне болушу керектигин айтып берди. Эскертүү, тизмеге негизги косметикалар гана кирди.
20 жаштагыларда:
- тоналдык крем
- тушь (кече үчүн чаптама кирпик)
- эки помада (нюд жана кызыл)
- эрин жылтыраткыч
- румяна.
30 жаштагыларда:
- тоналдык крем (бирок структурасы жеңил, сергитерлик болушу керек)
- көздүн астындагы кара такты жабуу үчүн консилер
- кече үчүн кызыл помада
- хайлайтер
- контуринг.
⠀
40 жаштагыларда:
- жеңил тоналдык крем
- эгер бырыш жок болсо, анда сөзсүз түрдө консилер
- контуринг
- румяна.
⠀
50 жана андан жогору жаштагыларда:
- BB крем, CC крем (декоративдик гана эмес, ошондой эле кам көрүүчү эффекти бар кремдер)
- румяна
- хайлатер
- контуринг
- консилер
- нюдовая помада.
Байнур өзүнүн биринчи косметичкасын окуу курстарын эсепке албаганда, 70 миң сомго чогултканын айтты. Бирок ал кезде тажрыйбасыз болгонун эскертип, сулуулук каражаттарын сырткы келбетиңизге карап өз алдынча тандоо керектигин баса белгиледи.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.