Элдин балдарынан эмнем кем?
2018.01.19, 17:00
1627
Мени ата-энем дайым башкаларга салыштырат. Тигинин баласы жакшы, сен болсо андай эмессиң дей беришет. Кээде чындап эле туура эмес кылып жатамбы деп калам. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.01.2018, 17:04
Рустам Исмаилов
Психолог
Ата-эне билдирбесе дагы дайыма балдары үчүн кабатыр болот. Алар балдарын өздөрүнүн жолун жолдоочуулары катары көрүшөт. Ата-эне салыштырууда баласынын азап тартып, кабатырлануусун каалабайт. Болгону жакшы жакка өзгөрсүн деген ниет менен башка балдарды үлгү көрсөтүшөт. Чындыгында, ата-эне үчүн анын баласынан өткөн мыкты адам жок. Ошондуктан ата-энеңиз сизди башкаларга салыштырса капа болбоңуз. Сиз жаман болгонуңуз үчүн бул кадамга барып жатышкан жок. Болгону алар сиздин жакшы адам болушуңузду каалап жатышат.
0
Пайдалуу жооп