Төрт жаштагы баламдын денеси түктүү. Эмне кылсам болот?
Кандайсыз! Менин суроом төмөндөгүчө, 4 жашар баламдын денеси түктүү. Тердеген убакта тырманат. Жаңы төрөлгөн убакта сүт менен тазала дешкен. Ошентип тазалаган болчумун, бирок убакыттын өтүшү менен кайра түктүү болуп калган. Эмне кылсам болот?
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Медицинада бул нерсени - "гипертрихоз" деп коюшат. Себептери түрдүү болушу мүмкүн: бездердин туура эмес иштеши, бала стресс алгандан ж.б. Биринчи кезекте эндокринологдон кеңеш алып, гормондору туура иштеп жатабы билиңиз.
Андан сырткары, гипертрихоз бойдо болгон учурда дагы кандайдыр бир фактордун таасири астында туубаса болуп калышы мүмкун. Бул учурда дарыланууга баш бербейт.
Ал эми гормоналдык же нервологиялык симптомдордон болгон болсо, анда себебин тапкандан кийин дарыласа болот.