Бул 6 белги толгоо башталганын билдирет
Кош бойлуулуктун акыркы жумаларында болочок эне өзгөчө кыйналып, эртерээк төрөгүсү келет. Төрөттүн белгилери ар кимдики индивидуалдуу, бирок көпчүлүгүнө тиешелүү болгон бир нече белгилер бар.
- Адаттагыдан көбүрөөк заара кылуу
Төрөткө аз калганда курсактагы бала улам ылдыйлап, ансайын табарсыкты кысат. Ошондуктан эне демейдегиден көбүрөөк туалетке барат.
- Жамбаш сөөктөр ооруйт же ынгайсыздык жаратат
Басканда кыйналып, 100 метрден ашык жүрө албайт. Төрөт учурунда аялдын жамбаш сөөгү ажырап, кийин бир нече айда кайра калыбына келет. Ошондуктан көп кыймылдай албай, баса албай калат.
- Тамакка табити оңолот
Кош бойлуулуктун алгачкы айларында, жүрөк айланып, ичкен тамагын кусуп салып, кыйналган күндөр артта калды. Түйүлдүк ылдыйлаган сайын, ашказан үчүн орун бошоп, көбүрөөк тамактанууну талап кылат. Анын арты менен аппетит оңолот.
- Дем алуу калыбына келет
Дем алуу функциясынын да калыбына келиши баланын ылдыйлашына байланыштуу. Бирок, мындай көрүнүш бардыгында боло бербейт. Айрымдарыныкы теңиринен тескери болушу мүмкүн.
- Ичтин формасы өзгөрөт
Төрөткө аз калганда ич ылдыйлап, формасы кескин өзгөрөт. Аны төрөй турган келин өзү да, жакындары да байкашат.
- Чоңго барууда көйгөй жаралат
Ичтеги түйүлдүк энесинин түз ичегисин кысып жаткандыктан, кош бойлуулуктун акыркы жумаларында эне чоңго бара албай кыйналат. Айрымдардын ичи катып же геморрою чыгышы мүмкүн.