Жыныс мүчөнү кычыштырган “молочница” тууралуу 5 миф
Салам достор! "Молочница" оорусу тууралуу мифтердин кайсынысы чын жана калп экенин гинеколог Светлана Коздровичтен сурап көрдүк.
№1 миф. Бардыгына “грибоктор” күнөөлүү
Чынында “молочницаны” кандида тобундагы козу карындар козгойт. Бирок алар дени сак адамдын да организминде бар болот. Кандида тобундагы козу карындар ичегилердин, ооз көңдөйүнүн жана табарсык системаларынын бир бөлүгү.
Бирок айрым себептерге байланыштуу “грибоктор” адаттагыдан көп болуп кетет. Ошондо жалпы процесске жардам бербестен, тетирисинче, адамдын күнүмдүк тиричилигинде ыңгайсыздык жарата баштайт.
№2 миф. Бул - аялдардын оорусу
Кандидозду жалаң эле аялдарга тиешелүү оору деп айтууга болбойт. Бул көйгөйгө эркектер да туш болушу мүмкүн. Болгону алар айымдарга салыштырмалуу 4 эсе аз оорушат.
№3 миф. Кандидозду мончо же бассейнден жугузуп алса болот
Мончо же бассейнден кийин деле болушу мүмкүн. Бирок антибиотиктерди ичүү, жыныстык өнөктөштү же климат алмаштыруу “грибоктордун” көбөйүшүн көбүрөөк козгойт.
№4 миф. Күнүмдүк прокладкалар жана тампондор күнөлүү
Жеке гигиенага тиешелүү кадимки эрежелердин сакталбагандыгы, ага кошуп прокладка же тампон колдонуу “күнөскана эффектисин” (парниковый эффект) жаратат. Баарыбызга белгилүү болгондой нымдуулук жана жылуулук бактериаялардын көбөйүшүнө эң ылайыктуу шарт.
Ошондуктан “прокладка” өзү эле себеп боло албайт. Ал болгону ыңгайлуу чөйрө түзүп берет.
№5 миф. Жыныстык катнашка бара элек кыздар “молочница” болбойт
Андай эмес. Кандидоз жыныстык катнаш аркылуу жугат. Бирок жогоруда айтылгандай, бул оорунун пайда болуусунун жалгыз себеби эмес. Стресс, гестация, антибиотиктерди көп колдонуу, жеке гигиенаны сактабагандык ж.б. да “молочницаны” козгошу мүмкүн.