Бир бөйрөгүмдү эжеме бергем. Кийин төрөй аламбы?
2021.11.02, 14:21
771
Саламатсызбы! Мен бир бөйрөгүмдү эжеме бергем. Азыр бир бөйрөк менен жүрөм. Ден соолугум жакшы. Кийин боюмда болуп, төрөй аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.11.2021, 14:31
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Албетте, боюңузга бүтүшү мүмкүн. Бирок, кош бойлуулукка кылдат даярданып, толук текшерүүдөн өтүшүңүз керек. Кош бойлуулук учурунда үзгүлтүксүз гинекологго жана зарыл болсо, башка адистерге барып, бардык сунуштар аткарсаңыз, балалуу боло аласыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп